Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алданын өзүнө гана белгилүү (эч бир жандын акылы жеткис), көзгө илээшпеген, көрүнбөгөн жашыруун абалы. 2. дин. Көзгө көрүнбөй кубулуп жүрүп колдоочу кереметтүү күчтөр. Мис. Кырк Чилтен, Кызыр (Кыдыр) Илияз. 3. Кереметтүү көзгө илээшпеген колдоочуга айлануу: «Манас» үчилтигинин айрым оң каармандары (Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Күлчоро), жаныбарлары (Акшумкар, Кумайык, Тайбуурул) кайып болгону – өлбөй тирүү калышып, жер кезип, көңүлдөрү сүйгөн адамдарга кезиккенде колдоо көрсөтөрү айтылат. 4. Кереметтүү жаралуу: айрым каармандар (Айчүрөк, Арууке, Көкмончок ж. б.), айрым жаныбарлар (мис. Тайбуурул) Кайыптын тукуму, же кайыбынан табылат (Акшумкар, Кумайык, айрым тулпарлар). Кайыпка катар ат минген («Манас» С. К.). Кашайган тулпар Керкулун, Кайыптан бүткөн жылкы эле. Элемандын Төштүккө, Кайыптын баары болду кез! («Эр Төштүк»). Касиеттүү жер эле, Карылардын сөзүндө Кайыбы бар дээр эле («Эр Табылды»). 6. Кийиктердин жалпы аты, наамы, кайберен. Кайып жүрчү тоолорду, Качырата басалык («Семетей»). Кароолуңа илинбей, Качкан кайып аттырбайт (Токтогул). Кайыптар оттоп төлдөгөн, Албан түрлүү чөбү бар (Тоголок Молдо).